№103 2019-жылдын 9-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июндагы №82 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер каталган - Абдуллаев Тилеке Авазович жана Хосилов Нодир Носирович. Алар жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Нариман айылдык кеңешинин 31 депутаты баары катышты.
Добуш берүүдө Абдуллаев Т.А. – 12 добуш; Хосилов Н.Н. - 18 добуш алышкан, “бардык талапкерлерге каршы” - 1 добуш берилди.
Шайлоонун натыйжасында Хосилов Н.Н. Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 9-июлдагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Хосилов Нодир Носирович табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Нариман айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 17 - июлу
№ 103