28.11.2019 №163 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылы 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы №157 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер –Мазаев Зулпукар Камишович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-ноябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколунда Төлөйкөн айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 29 депутаты катышып, Мазаев Зулпукар Камишович 29 добуш алгандыгы белгиленген.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-ноябрындагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколунда Мазаев Зулпукар Камишович Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын -6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мазаев Зулпукар Камишович Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А. БЕКМАТОВ
Бишкек ш., 2019-жылдын 28-ноябры
№ 163