«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 75 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык кеңешинин, Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн – 4 көп мандаттуу шайлоо округу, Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 5 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго ылайык 21 талапкер – Бостери айылдык кеңешинин, 21 талапкер – Улахол айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды.
Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарынын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 40-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 62-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 26-майындагы Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.
2. 2013-жылдын 26-майындагы Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну
№ 96
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 4-июнундагы
№ 96 токтомунун
тиркемеси
Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештерине
шайланган депутаттардын тизмеси
Ысык-Көл району
Бостери айылдык кеңеши
|
Иманалиев Эмир Мирбекович |
267 |
|
|
Байтокова Макиш Садыбакасовна |
250 |
|
|
Алтымышов Карыпбай |
241 |
|
|
Сыдыков Эркинбек Тулебердиевич |
238 |
|
|
Мамбетов Канымет Курманбаевич |
231 |
|
|
Асеинов Кубатбек Рымович |
227 |
|
|
Орозобаков Максат Учурукович |
224 |
|
|
Шамбетов Канат Бекбосунович |
219 |
|
|
Молдоканов Женишбек Токтобекович |
219 |
|
|
10. |
Айдаралиев Улан Капарович |
211 |
|
11. |
Жолочуев Улан Жолучуевич |
198 |
|
12. |
Жылкыбаев Чыныбек Совхозович |
178 |
|
13. |
Такырбашов Кубанычбек Зарлыкович |
172 |
|
14. |
Джапаров Алмазбек Дюшекеевич |
165 |
|
15. |
Молдошева Чынаркуль Апасовна |
161 |
|
16. |
Абдиев Камчибек Качкынович |
158 |
|
17. |
Капас уулу Асеин |
158 |
|
18. |
Сооронбаев Арстан Темирбекович |
158 |
|
19. |
Учкурткаев Замир Турдубекович |
153 |
|
20. |
Муканбаев Кубанычбек Сатындиевич |
151 |
|
21. |
Жусупов Алтынбек |
149 |
Тоң району
Улахол айылдык кеңеши
|
Уморова Чолпон Таштановна |
300 |
|
|
Ашымов Тынчтыкбек Желденович |
284 |
|
|
Мамбеткеримов Акылбек Токтошевич |
283 |
|
|
Кудабаев Жаныбек Султанбекович |
273 |
|
|
Амантуров Нурлан Казылович |
272 |
|
|
Атантаев Жетимиш Уйчиевич |
263 |
|
|
Кукеев Суйорбек Сейитказиевич |
255 |
|
|
Султаналиев Касымкул Токтобекович |
251 |
|
|
Тюменбаев Максатбек Букарбаевич |
240 |
|
|
10. |
Кусегенов Бактыбек Рыскельдиевич |
231 |
|
11. |
Кыдырмаев Айбек Сагындыкович |
224 |
|
12. |
Омуралиев Калысбек Шаршенбекович |
218 |
|
13. |
Акматов Ашым Закирович |
207 |
|
14. |
Садыкова Гулбарчын Каныбековна |
183 |
|
15. |
Эркинбаев Нуркул Орозобекович |
174 |
|
16. |
Токтобек уулу Руслан |
169 |
|
17. |
Абдыкеримов Амангелди Стынович |
165 |
|
18. |
Асанакунов Самат Имангазиевич |
139 |
|
19. |
Масылканов Таалайбек Усекеевич |
113 |
|
20. |
Батырканов Асылбек Шаршеевич |
105 |
|
21. |
Манапбаев Таалайбек Мыктыбекович |
89 |