“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 6, 7-пункттарына, 19-беренесинин 2,4,6,7, 16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары–БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө” Жобого, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, У.С.Кендирбаевдин, К.К.Токомбаевдин, А.М. Толумбековдун, С.Ж. Ордобаевдин, Ж.А.Халматовдун, Ж.Асанованын, А.Б.Кыргызбаеванын, Б.А.Кулбаевдин, Т.Б.Бекмуратовдун, Ш.С.Абдырамановдун, К.Т.Мусалиеванын, О.Ф.Галушкинанын, А.К.Токтосуновдун, Ж.Т.Тукееванын, М.М.Аматовдун арыздарынын, Чүй облусунун Панфилов райондук кеңешинин 2012-жылдын 27-октябрындагы № 81/ХХV1-1 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын: «Ар-Намыс» саясий партиясынан - Кендирбаев Улан Сапарович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Токомбаев Кыялбек Казыбекович, Толумбеков Азат Молдобекович, Ордобаев Сапарбек Жекшенович;
- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: «Каганат» саясий партиясынан - Джапаров Алмазбека Дюшекеевич; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Басипкан кызы Асель, Исмаилов Майрамбек Асанбаевич, Кыдыралиева Анаркүл Бейшеновна.
2. Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү «Каганат» саясий партиясынан - Исакова Гульзат Монолдоровна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Эл үчүн» саясий партиясынан - Муканбетжанова Рашида Жумакадыровна киргизилсин.
3. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясынан - Халматов Жолдошбай Арзыбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы» саясий партиясынан - Шакиров Жалалидин киргизилсин.
4. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Асанова Жанатай чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Эрботоева Уриниса киргизилсин.
5. Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Кыргызбаева Бубуниса Хабибуллаевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден Дригавко Светлана Викторовна киргизилсин.
6. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: «Республика» саясий партиясынан – Кулбаев Болотбек Асылбекович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Бекмуратов Толкунбек Бекмуратович;
- резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Абдыраманов Шайырбек Сансызбаевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан - Койчуманова Нурсулу Авазбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Багышбеков Жаныбек Кочорбаевич.
7. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү «Туран» демократиялык партиясы» саясий партиясынан - Мусалиева Канышай Тайляковна;
- комиссиянын курамына резервден «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан - Абдурасулов Тологон Токтомуратович.
8. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- резервге төмөнкүлөр киргизилсин: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Джумагулов Азамат Курманбекович, Нуралиева Кульжан Курманалиевна;
- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Джумагулов Азамат Курманбекович, Нуралиева Кульжан Курманалиевна.
9. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Галушкина Ольга Фаритовна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Султанова Алтынай Кадыралиевна киргизилсин.
10. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: «Туран» демократиялык партиясы» саясий партиясынан – Токтосунов Амат Калматович; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Тукеева Жанаргүл Турасанбековна, Аматов Маматкерим Матазович;
- комиссиянын курамына резервден төмөнкүлөр киргизилсин: «Улуу Биримдик» саясий партиясынан – Чермашев Маматжуму Турдакунович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Абдыкалыков Кочорбай, Ардинова Шарипа Тантаевна.
11. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
12. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 31-октябры
№ 131