11.06.2021 г. № 405 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун                Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун                Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 228 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Балтабаев Абдинаби Жакыпович, Жолоев Аватбек Идрисович, Мамбетов Толкунбек Абдулажанович катталган. Талапкерлер Жазы айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Жазы айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А. Ж. Балтабаев - 4 добуш, А.И. Жолоев – 12 добуш, Т.А. Мамбетов – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Жолоев Аватбек Идрисович Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдыкадыров Сүйүнтбек Осмонович, Эшимбетов Жылдызбек Рахманжанович катталган. Талапкерлер Кызыл-Тоо айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Шайлоо эки турда өттү. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен  Кызыл-Тоо айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, биринчи турунда, С.О. Абдыкадыров - 9 добуш, Ж.Р. Эшимбетов – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 4 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, С.О. Абдыкадыров – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 7 добуш берилгендиги белгиленген.

          Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Абдыкадыров Сүйүнтбек Осмонович Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.  

Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                    49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы жана Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жолоев Аватбек Идрисович Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Абдыкадыров Сүйүнтбек Осмонович Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жазы жана                  Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА                                                

                                                                                                                                   

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 405