Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн шайлоо фонддорун түзүү боюнча шарттарды камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемеси болуп “РСК Банк” ААКы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 14-июлу
№ 26