17.06.2021№ 488 2021-жылы 9,10,11,12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу
2021-жылы 9,10,11,12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 9,10,11,12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 312 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Маймак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Ниязалиева Алима Бакузеевна - Маймак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Маймак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын ичинен 9 депутаты катышып, А.Б. Ниязалиевага – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Ниязалиева Алима Бакузеевна Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Бекетаев Дастан Сатымбекович, Итыбаев азамат Олжобаевич, Нарбеков Мирадил Онолбекович, Атакеев Исламбек Таласбекович, Тыналиев Нурпаис Бейшеналиевич – Кара-Буура айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кара-Буура айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, 1 турда: Д.С. Бекетаевге – 6 добуш, А.О. Итыбаевге 7 добуш, М.О. Нарбековго – 1 добуш, И.Т. Атакеевге -5 добуш, Н.Б. Тыналиев – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, 2 турда: Д.С. Бекетаевге – 11 добуш, А.О. Итыбаевге – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш, берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Бекетаев Дастан Сатымбекович Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кемелбек уулу Максат, Молдокулов Мурат Джакшимбекович, Шайымкулов Курманбек Ниязбекович – Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Ак-Чий айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, 1 турда: Кемелбек уулу М. – 5 добуш, М.Дж.Молдокуловго – 0 добуш, К.Н. Шайымкуловго – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш, 2 турда: Кемелбек уулу М – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кемелбек уулу Максат Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Маткеримов Айдар Сыйдабекович, Айталиев Туран Максутович - Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Чолпонбай айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А.С. Маткеримовго – 9 добуш, Т.М. Айталиевге – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Айталиев Туран Максутович Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Стамкулов Болот Музулумович – Көк-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Көк-Сай айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Б.М. Стамкуловго – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Стамкулов Болот Музулумович Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Мураталиева Бакытгул Молдалиевна - Аманбаев айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Аманбаев айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Б.М. Мураталиева – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Мураталиева Бакытгул Молдалиевна Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 9, 10, 11, 12-июнундагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун 2021-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн Маймак айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Кара-Буура айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Ак-Чий жана Чолпонбаев айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10, 11, 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ниязалиева Алима Бакузеевна Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Бекетаев Дастан Сатымбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Кемелбек уулу Максат Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Айталиев Туран Максутович Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.6. Стамкулов Болот Музулумович Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.7. Мураталиева Бакытгул Молдалиевна Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну
№ 488