25.05.2021 №317 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка, Ананьево, Абдрахманов, Өрүктү, Кумбел, Садыр-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка, Ананьево, Абдрахманов, Өрүктү, Кумбел, Садыр-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 17, 18 жана 20-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жаңы шайланган Семеновка, Ананьево, Абдрахманов, Өрүктү, Кумбел, Садыр-Аке айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка, Ананьево, Абдрахманов, Өрүктү, Кумбел, Садыр-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М. А. Коңурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы
№ 317