10.11.2020 №304 Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын Т.С. Аманбаевдын жана Дж.У. Сатыбалдиеванын комиссиянын курамынан чыгаруу боюнча арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Аманбаев Темиркул Сабырович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатыбалдиева Джамиля Усуповна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шоруков Нурдин Замирович, Муканова Чолпон Тилековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 10-ноябры

№ 304