12.03.2021 №60 Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы № 5416 жана Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы № 8013 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы № 5416 жана Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы № 8013 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын № 5416 жана № 8013 шайлоо участкаларынын имараттары канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө 2021-жылдын 26-февралына № 8 жана 2021-жылдын 3-мартындагы № 51 чечимдердин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат районундагы № 5416 шайлоо участкасынын дареги Алашан айылынын А. Орозбеков көчөсүндөгү бала бакчанын имаратынан Алашан айылынын А. Орозбеков көчөсүндөгү Б.Матаипова атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8013 шайлоо участкасынын дареги Кулунду айылынын Ленин көчөсү, 56 дарегиндеги Кулунду айыл өкмөтүнүн имаратынан Кулунду айылынын К. Ниязматов көчөсү, 6 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
3. Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 12-марты
№ 60