17.06.2021 № 476 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Жумаев Алтынбек Токтомуратович -  «Ырыс алды ынтымак» көпчүлүк коалициясынан сунушталып катталган.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен  Көк-Жаңгак шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын  20 депутаты  катышып, А. Жумаевге – 20 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Жумаев Алтынбек Токтомуратович Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 10-июнундагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  43-беренесине ылайык,

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жумаев Алтынбек Токтомуратович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кочкор-Ата шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.      

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 476