21.02.2020 №56 Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 19-февралындагы №14 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Каратаев Таяныч Асанбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.     

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 18-февралындагы № Б-21/VI буйругу менен Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Токонов Багдат Шекербекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 11-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.                                                                         

2. Жумгал, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.                

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                      

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-февралы
№ 56