№32 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө» жана «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жоболоруна өзгөр
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 15-февралындагы № 21 Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 35-пункттун экинчи абзацындагы “үчтөн экисинен кем эмес” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген созгө алмаштырылсын;
- 44-пункттун биринчи абзацындагы “үчтөн экиси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөзгө алмаштырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 35-пункттун экинчи абзацындагы “үчтөн экисинен кем эмес” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген созгө алмаштырылсын;
- 44-пункттун биринчи абзацындагы “үчтөн экиси” деген сөздөр “көпчүлүгү” деген сөзгө алмаштырылсын;
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 17-февралы,
№ 32