№362 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Торобаев Бакыт Эргешевичти каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастаган документинин, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификаттын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-августундагы “Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 21- августундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Торобаев Бакыт Эргешевичти кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” Протоколун бекитүү жөнүндө” №51 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Торобаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталсын.

2. Торобаев Бакыт Эргешевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 23-августу
№362