28.11.2019 №166 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылы 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы №157 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер – Алишев Ажимудин Исмаилович, Сыдыков Алмазбек Жамгырчиевич жана Назарова Бурул Назаровна катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген. Добуш берүүгө Фрунзе айылдык кеңешинин 21 депутаты толугу менен катышып, А.И.Алишев – 6 добуш, А.Ж.Сыдыков - 12 добуш, Б.Н. Назарова – 0 добуш алышкан, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилген.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 22-ноябрындагы протоколу менен А.Ж. Сыдыков Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 22-ноябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Сыдыков Алмазбек Жамгырчиевич Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Фрунзе айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А.БЕКМАТОВ
Бишкек ш., 2019-жылдын 28-ноябры
№166