Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттыгына талапкер Кимсанбаев Кабулжан Камиловичтен жана “Өнүгүү-Прогресс”саясий партиясынын төрагасы Б.Э.Төрөбаевден арыз түшкөн.
Көрсөтүлгөн арызда К.К. Кимсанбаев, аны 2015-жылдын 3-сентябрында сабап кеткен, “Республика” фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты жана “Бир Бол” саясий партиясынан талапкерлеринин тизмесине киргизилген Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Б. Мурашевге карата чара көрүүнү өтүнгөн.
К.К. Кимсанбаевдин арызын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана башка катышуучулардын арыздарын кароо боюнча Жумушчу топтун корутундусун жана сунушталган материалдарды (2015-жылдын 3-сентябрындагы №226 эксперттик корутунду, иштин күбөлөрү Н.А. Алимбаеванын, Т.И Мамедовдун көрсөтмөлөрү) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, шайлоо өткөрүү учурунда, Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерине, саясий партияларына жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекет тарабынан үгүттү эркин жүргүзүү камсыз кылынат.
Көрсөтүлгөн берененин 9-бөлүгү саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоого катышууга, кайсы болбосун талапкерге, талапкерлердин тизмесине макул же каршы эркин үгүт жүргүзүү укугун бекитет. Мында, үгүт жүргүзүүнүн формасы жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш болууга тийиш.
Н.Б. Мурашев өзүнүн аракеттери менен шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгын эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 9-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мурашев Нурбек Мурпазыловичке шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол берилбестиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилсин.
2. Бул токтом “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын жана “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрүнө жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2015-жылдын 15-сентябры
№ 139
2015-жылдын 15-сентябрында жарыяланды