25.04.2021 №130 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Аманбаев, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Чолпонбай  жана Кара-Буура айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай, Аманбаев, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Чолпонбай  жана Кара-Буура айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Талас облусунун  Кара-Буура районунун Көк-Сай, Аманбаев, Маймак, Ак-Чий, Бакайыр, Чолпонбай жана Кара-Буура айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1,62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги

- Көк-Сай айылдык кеңешинин

- Аманбаев айылдык кеңешинин

- Маймак айылдык кеңешинин

- Ак-Чий айылдык кеңешинин

- Бакайыр айылдык кеңешинин

- Чолпонбай айылдык кеңешинин

- Кара-Буура айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-апрели

№ 130