21.02.2020 №57 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын            7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  10-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ №32 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-жылдын 12-апрелинде дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-февралы
№ 57