№178 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2018-жылдын 29-августуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбагандыгына байланыштуу өткөн жок.
Жумушчу тобунун (КР БШКнын буйругу менен түзүлгөн 06.09.2018-ж. №93/ОД) сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 17 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы                        

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-августундагы №165 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2018-жылдын 1-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн. 
3. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. 
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 17 - сентябры
№ 178