30.09.2019. №141 2019-жылы 17-сентябрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы №126 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер – Дуулатов Равшанбек Пайызкулович, Ызабеков Бектур Абдырасулович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Т.Балтагулов айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 19 депутат катышкан. Добуш берүүдө биринчи турда Р.Дуулатов – 10 добуш; Б.Ызабеков - 9 добуш алган. Экинчи турда Р.Дуулатов – 18 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 1 добуш берилген.

Шайлоонун натыйжасында Р.Дуулатов Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,            18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 17-сентябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Дуулатов Равшанбек Пайызкулович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 30-сентябры
№141