26.03.2021 №91 2021-ж. 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш бер

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө

 «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31  Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык,  «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобонун 3.9-пунктун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү эл аралык байкоочунун мандатына ылайык 1,2,3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө)эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмү жана пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү аккредитация жөнүндө берилген арыздарга ылайык эл аралык байкоочунун күбөлүктөрүн даярдоону уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

  ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                                                          

  Бишкек ш., 26 март 2021 ж.

  №91