№196 Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун

Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-сентябрындагы №175 токтому менен 2018-жылдын 5-октябрына дайындалган Чүй облусунун Чүй  районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы №183 токтому менен 2018-жылдын 23-октябрына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. 
Чүй, Бакай-Ата жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 5-октябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Комурчиев Нурлан Сагынбекович табылсын.
2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 23-октябрындагы кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Джаныбеков Бакытбек Осконович табылсын.
3. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Түп айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 23-октябрындагы кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Асакеев Алманбет Исманович табылсын.
4. Чүй, Бакай-Ата жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА                      
Бишкек ш., 2018-жылдын 26- октябры
№196