30.07.2020 ж. № 151 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-июлундагы № 129 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 10-июлундагы № 6 чечими менен 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө үчүн 42 (кырк эки) шайлоо участогу түзүлдү.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 29-июлундагы № 9/1 чечимин карап, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-июлундагы №129 токтомундагы №1 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

- 1-тиркемедеги № 43 жана № 44-пункттар менен толукталсын:

 

УШК №

Чет ѳлкѳдѳгү мекеме

Шаар

Электрондук почта

  1.  

№ 9033

КРнын Италиядагы Элчилиги

Рим

kgembassy.it@mfa.gov.kg

 

  1.  

№ 9047

КРнын Франция Республикасындагы Элчилиги

Париж

kgembassy.fr@mfa.gov.kg

 

 

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                               Н. Шайлдабекова

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 30-июлу

№ 151