15.06.2021 № 445 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркеншаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 206 токтому менен дайындалган Баткен облусунунКадамжай районунун Айдаркеншаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэринин кызмат ордуна3 талапкер – Айтемиров Муратбек Камчыбекович«Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Жаңы-Доор» депутаттык фракциясынан, Алиев Мурадил Жолдубаевич«Ата-Журт» депутаттык фракциясынан, Мурзажанов Алтынбек Саматович «Ынтымак» депутаттык фракциясынансунушталып катталган.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу мененАйдаркен шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,1 турда: М. Айтемировго - 7 добуш,М. Алиевге - 2 добуш, А. Мурзажановго - 10 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 2 добуш; 2 турда: М. Айтемировго - 8 добуш, А. Мурзажановго - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Мурзажанов Алтынбек СаматовичАйдаркеншаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркеншаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркеншаарынын мэрин шайлоододобуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоожана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркеншаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кадамжайаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркеншаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мурзажанов Алтынбек СаматовичБаткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркеншаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Кадамжайаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Айдаркеншаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басарыА. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАН. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 445