18.03.20 №223 Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагындагы № 1231 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагындагы № 1231 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Биринчи май районунун аймагындагы № 1231 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагындагы № 1231 шайлоо участкасынын дареги Профсоюз көчөсүндөгү «Жасмин» кафесинин имаратынан Профсоюз көчөсү, 60та жайгашкан имаратына өзгөртүлсүн.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 18-сентябры
№ 223 Н. Шайлдабеко