26.06.20ж. №108 Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы № 6 чечимине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-р тескемесине ылайык, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылып кетүүсүн токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №85 токтому менен 2020-жылдын 23-мартынан тартып  төмөндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо токтотула турган:

1) 2020-жылдын 24-мартына дайындалган Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн;

         2) 2020-жылдын 25-мартына дайындалган Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин;

         3) 2020-жылдын 6-апрелине дайындалган Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн;

         4) 2020-жылдын 8-апрелине дайындалган Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн жана Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн.

         2020-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Тойчу уулу Кылычбектен Октябрь айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы №1 токтомун, Аламүдүн мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 9-мартындагы №89-р тескемесин анык эмес деп таануу жөнүндө Чүй облустук райондор аралык сотуна анын кайрылуусуна байланыштуу Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону токтото туруу тууралуу арыз келип түшкөн.

Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 17-мартындагы №65/1-б буйругу менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркулов Максат Тургуналиевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 2-мартындагы №73-б буйругу менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмамбетов Замир Оморбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 20-майындагы №70-т буйругу менен Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы Абдугулов Бактыбек Нурбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 23-июнундагы №89 буйругу менен Толук айыл өкмөтүнүн башчысы Орокбаев Нурзамат Таалайбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

         «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №85 токтому менен дайындалган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоосу токтотулган жана мөөнөтүнөн мурда бошотулган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра улантылсын:

1)  2020-жылдын 30-июну саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүү күнү деп белгиленсин;

2)  2020-жылдын 1-июлу саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоого добуш берүү       күнү деп белгиленсин;

3) 2020-жылдын 13-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүү күнү деп белгиленсин;

4) 2020-жылдын 15-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүү күнү деп белгиленсин.

2. Кайра улантуу датасы дайындалгандан тартып шайлоо аракеттери баштала тургандыгы белгиленсин. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону кайра улантууда шайлоо аракеттеринин аяктоо мөөнөттөрү жана тартиби шайлоолор токтотулган датага карата шайлоо процесстеринин мөөнөттөрүн жана этаптарын эске алуу менен белгиленет.

3. «Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-мартындагы №82 токтому жокко чыгарылсын.

4. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоону жана өткөрүүнү токтото туруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-мартындагы №85 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү  киргизилсин:

1-пункттун 4-пунктчасындагы «жана Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө» деген сөздөр алып салынсын.

5. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу, Чүй районунун Ибраимов, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын  шайлоо 2020-жылдын 17-июлуна дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.

6. Түп, Кара-Суу, Кочкор, Ысык-Ата, Ат-Башы, Сокулук, Чүй жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштурсун жана камсыздасын:

- добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын бири-биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө;

- жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду залалсыздандыруучу каражаты менен камсыз кылуу;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын дене таптарын контактсыз термометр менен өлчөө;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү;

-колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу.

7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты (Конурбаев М.А.) керектүү материалдар (бет кап, кол кап жана санитайзер) менен камсыздоого көмөктөшсүн. 

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына, райондук мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлсүн.

9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                Төрага                                                                          Н. Шайлдабекова

 

 

Бишкек ш., 26-июну 2020-жыл

№108