Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоочулардын эркине таасирин тийгизген тартип бузулуулар жөнүндө арыздар келип түшкөн (кир. 03.10.2015-ж. № 01-1/9-1686 жана кир. 01.10.2015-ж. № 01-1/11-1817).
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүңдө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 1367 ҮДБ № 14 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды деп табылсын.
- Бардык материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 14-октябрь 2015-жыл
№ 170
2015-жылдын 14-октябрында жарыяланды