“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 1-, 3-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген “Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин” 1-, 2-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген “Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө Жобонун” 2.5, 2.9-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- “Справедливость” (Акыйкат) Республикалык партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Азарова Зухра Музафаровна курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Сопубеков Азамат Курманбекович курамдан чыгарылсын;
- Кыргызстан Коммунисттер партиясынан көрсөтүлгөн Тергалинский Алексей Гаврилович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мельник Ольга Иосифовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 12-сентябры
№ 244