26.12.2020 № 516 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. КМШнын, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Нидерланды Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Финляндия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн, Улуттук Демократиялык Институтунун, ЕККУ ДИАУБдун байкоочулар миссиялары Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулар катары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                         

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 26-декабры

№ 516