28.04.2021 №156 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Жоош, Катта-Талдык, Кашкар-Кыштак, Кызыл-Суу, Мады, Сары-Колот, Савай, Сарай жана Шарк айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Жоош, Катта-Талдык, Кашкар-Кыштак, Кызыл-Суу, Мады, Сары-Колот, Савай, Сарай жана Шарк айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Жоош, Катта-Талдык, Кашкар-Кыштак, Кызыл-Суу, Мады, Сары-Колот, Савай, Сарай жана Шарк айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына 5, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 11 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-апрелиндеги
- Жаңы-Арык айылдык кеңешинин
- Жоош айылдык кеңешинин
- Катта-Талдык айылдык кеңешинин
- Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин
- Кызыл-Суу айылдык кеңешинин
- Мады айылдык кеңешинин
- Сары-Колот айылдык кеңешинин
- Савай айылдык кеңешинин
- Сарай айылдык кеңешинин
- Шарк айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели
№ 156