29.12.2020 №524 Ош шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө

Ош шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5, 20-мартындагы №83 токтомдору менен бекитилген айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Ош шардык мэриясынын кайрылуусунун алкагында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 8-1 кабыл алган чечимдин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Ош шаарынын аймагындагы № 5907, № 5914 шайлоо участоктору, участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын.

3.Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык мэриясы менен бирге шайлоочулар арасында жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларынын даректери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4.Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

5.Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 29-декабры

№ ­­­524