06.08.20ж № 158 Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиясияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кадамжай жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Арыков Тайкара Кудайбердиевичтин жана Жетигенова Жаныл Корошовнанын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Арыков Тайкара Кудайбердиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сабиров Уланбек Абдисаматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жетигенова Жаныл Корошовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибрагимова Ася Анарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

               Төрага                                                                                Н. Шайлдабекова

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 6-августу
№ 158