“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 35-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 14-беренесинин 7,8-бөлүктөрүнө “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикаынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,3,15-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (2-тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын аймагында добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (3-тиркеме).
4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесинин таризи бекитилсин (4-тиркеме).
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комисиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылынын 16-сентябры
№ 260