18.11.2020 №351 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Б.О. Калмаматовдун мурда сунуш кылган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө 2020-жылдын 16-ноябрында кир. № 01-06/3347 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы № 323 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сыдыкбекова Саадат Насырынбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сыдыкбекова Саадат Насырынбековнага берилген № 24 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Асанова Тиллахан Сатаровна катталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 18-ноябры
№ 351
шкек ш., 2020-жылдын 30-сентябры0