22.01.2021 №28 2021-жылы 12-январында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 12-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-декабрындагы № 506 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Назанов Алмаз Аширбекович, Назанов Кыралы Камбарбекович, Айылчиев Куштарбек Камчыбекович, Анаркулов Ойрот Ажибаевич катталган

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-январында протоколу менен Кара-Алма айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Назанов Алмаз Аширбекович 3 добуш, Назанов Кыралы Камбарбекович 0 добуш, Айылчиев Куштарбек Камчыбекович 0 добуш, Анаркулов Ойрот Ажибаевич 7 добуш алгандыгы белгиленген, барына каршы 1 добуш.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-январындагы протоколу менен Анаркулов Ойрот Ажибаевич Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу 2021-жылдын 12-январындагы протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 12-январында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-январындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Анаркулов Ойрот Ажибаевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Алма айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары                                     А. Бекматов

 

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 22-январы

№ 28