КР ИИМнин Академиясынын курсанттарынын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсү боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук шайлоо комиссиясынын аракеттери жөнүндө “Ар-Намыс” саясий партиясынын өкүлдөрүнөн келип түшкөн арызга байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 33-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн маалымкаты эске алынсын.
- Шайлоо бюллетендеринен тышкаркы бардык материалдар андан аркы териштирүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.С. Лиге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 9-октябры
№ 318