“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы №916-V токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы 7000 (жети миң) нускада китепче болуп басылып чыгарылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 5-июлу
№ 3
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы – бул жерде