№68 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин  депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколдорун........

2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин  депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколдорун бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы № 41 Жарлыгы  менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Шекер айылдык кеңеши боюнча депутаттарын  шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок төзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2968ти түзүп, анын ичинен 1609 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 54,2% түзөт.

Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Бейшеке айылдык кеңеши боюнча депутаттарын  шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок төзүлгөн. Шайлоочулардын саны 3267ни түзүп, анын ичинен 1855 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 56,8% түзөт

Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Бакыян айылдык кеңеши боюнча депутаттарын  шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округ жана 1 шайлоо участок төзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2171ди түзүп, анын ичинен 1252 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 57,7% түзөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык:

- №6024 жана №6025 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

- №6046, № 6047 жана № 6048 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы

протоколдорунун негизинде Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

- №6049 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколунун негизинде Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.  2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2.  2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).

3.  2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

5.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2019-жылдын 27-майы 
№ 68