04.12.20 №392 Токтогул жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токтогул жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А. Ибрагимованын арызынын, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Т.Ж. Жусуевди комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30 ноябрындагы № 62 чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибрагимова Асия комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шадыбекова Алтынай Темиркуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - «Бүтүн Кыргызстан» (Единый Кыргызстан) саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жусуев Токторбай Жолдошевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамашев Мухамедали Абдулкасымович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

             ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 4 -декабры

№ 392