17.06.2021 № 484 2021-жылы 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Капчыгай, Ой-Тал, Сары-Булак жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөн

2021-жылы 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Капчыгай, Ой-Тал, Сары-Булак жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 11, 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 296 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал, Сары-Булак жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Сыдыков Эмилбек Султанович, Арзи уулу Азизбек катталган. Талапкерлер Капчыгай айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Капчыгай айылдык кеңешиндеги 11 депутатын 10 депутаты катышып, Э.С. Сыдыков - 1 добуш, А. Арзи уулу – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Арзи уулу Азизбек Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Абдикеримов Жоомарт Мукурович, Өмөрбек уулу Жылдызбек, Жунусов Шерали Тоюевич катталган. Талапкерлер Ой-Тал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу Ой-Тал айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Ж.М. Абдикеримов - 0 добуш,  Ж. Өмөрбек уулу – 4 добуш, Ш.Т. Жунусов – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Жунусов Шерали Тоюевич Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Исаев Абдубасыт Каримбердиевич, Мокеев Уланбек Мамасалиевич, Эркинбаев Медербек Камчыбекович катталган. Талапкерлер Сары-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Сары-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, А.К. Исаев - 0 добуш, У.М. Мокеев – 4 добуш, М.К. Эркинбаев – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Эркинбаев Медербек Камчыбекович Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чалма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевич катталган. Талапкер Чалма айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Чалма айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Ч.С. Алишов – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен  Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевич Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал, Сары-Булак жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 11, 12-июнундагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Капчыгай, Ой-Тал, Сары-Булак жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Сары-Булак,
 Чалма
айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11, 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал, Сары-Булак жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Арзи уулу Азизбек Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Жунусов Шерали Тоюевич Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Эркинбаев Медербек Камчыбекович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевич Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Капчыгай,      Ой-Тал, Сары-Булак жана Чалма айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                                                                                                                                                                        

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 484