Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-БШК) 2013-жылдын 23-декабрында Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасындагы протоколдун Алмасбеков Кубат Алмасбекович жана Мамыров Темирлан Ызаналыевич боюнча бөлүктөрүн күчүн жоготту деп таануу жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №117 чечимин бекитүү тууралуу № 183 токтом кабыл алган.
2012-жылдын 25-ноябрындагы Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы боюнча Сокулук райондук сотунун 2013-жылдын 28-августундагы №УД-357-13-46 өкүмү менен шайлоонун жыйынтыктоочу протоколунда 13 мандаттуу №1 шайлоо округунан К.А.Алмасбеков “234” добуш (протоколдо 11-орун), аныгы “184”добуш (протоколдо 16-орун), Т.Ы.Мамыров “241” добуш (протоколдо 10-орун), аныгы “181” добуш (протоколдо 18-орун) деп жасалмаланганы аныкталган.
2014-жылдын 20-февралында, К.А.Алмазбековдун жана Т.Ы.Мамыровдун кайрылууларынын негизинде БШКнын төрагасынын №11/ОД буйругу менен курамы 5 адамдан турган жумушчу комиссия түзүлгөн. Жумушчу комиссия түзүлгөн кырдаалды иликтеп, 1) Жаңы-Пахта айылдык кеңешине К.А.Алмасбеков жана Т.Ы.Мамыров боюнча токтомун кайра карап чыгуусун сунуштаган; 2) Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына К.А.Алмасбеков жана Т.Ы.Мамыров боюнча чечиминин негизинде №1 шайлоо округу боюнча протоколун калыбына келтирүү милдеттендирилген; 3) Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттык мандаттан өз арыздары менен баш тарткан депутаттарынын ордуна шайлоочулардын добуштарын алганына ылайык талапкерлерди Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттары катары каттоо корутундусун чыгарган.
Жогоруда аталган соттун өкүмүнөн кийин, 2013-жылы 7-ноябрда Жаңы-Пахта айылдык кеңеши К.А.Алмасбековдун жана Т.Ы.Мамыровдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алган жана аталган токтомду 2014-жылдын 16-мартында айылдык кеңеш жокко чыгарган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы, соттун өкүмүнүн негизинде шайлоонун жыйынтыгы жана натыйжасы боюнча протоколдорду калыбына келтирген жана өз арыздары менен чыгып калган депутаттардын ордуна кезектери келгендигине байланыштуу бош калган депутаттык мандаттарды шайлоочулардын көп добушун алган кийинки талапкерлер К.А.Алмасбековду жана Т.Ы.Мамыровду шайланган депутат деп таануу боюнча 2014-жылдын 29-апрелинде №142 чечимин кабыл алган.
Жумушчу комиссиянын маалымат катына, Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2014-жылдын 16-мартындагы токтомуна, Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 29-апрелиндеги №142 чечимине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына, 18-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №183 токтомунун Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдун К.А.Алмасбеков жана Т.Ы.Мамыров боюнча бөлүктөрүн күчүн жоготту деп таануу жана аталган аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №117 чечимин бекитүү тууралуу бөлүктөрү жокко чыгарылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколго ылайык К.А.Алмасбековду жана Т.Ы.Мамыровду аталган айылдык кеңештин шайланган депутаттары деп таануу боюнча 2014-жылдын 29-апрелиндеги №142 чечими бекитилсин.
3. К.А.Алмасбеков жана Т.Ы.Мамыров Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын.
4. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин шайланган депутаттары К.А.Алмасбековду жана Т.Ы.Мамыровду каттасын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 16-майы
№73