№217 2018-жылдын 2-декабрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2018-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Чаек айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу       4 шайлоо округу жана 6 шайлоо участкасы түзүлгөн. Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 21 мандатка 72 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 7086ны түзүп, анын ичинен 2976 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 42 % түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, №4114, №4115, №4116, №4117, №4118 жана №4119 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын  2-декабрындагы протоколдорунун негизинде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 5-декабрындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жана Чаек айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 11-декабры
№ 217