06.12.2020 №393 2020-жылдын30-ноябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 300 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Кара-Балта шаарынын мэринин кызмат ордуна 3 талапкер – Раманкулов Бакыт Сыргатаевич «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» фракциясынан, Суюмбаев Талайбек Бектурганович «ЭлАман» фракциясынан жана Шакирбаев Данияр Баяманович «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан сунушталып катталышкан.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-ноябрындагы протоколу менен Кара-Балта шаардык кеңешиндеги 31 депутаты толугу катышып, Б.С. Раманкулов - 0 добуш, Т.Б. Суюмбаев - 13 добуш, Д.Б. Шакирбаев - 18 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-ноябрындагы протоколу менен Шакирбаев Данияр Баяманович Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 30-ноябрындагы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 30-ноябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Шакирбаев Данияр Баяманович Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Балта шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 6 -декабры
№ 393