№474 Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл аймагындагы №7292 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
№7292 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл аймагындагы №7292 шайлоо участкасынын дареги, ДЭП-28 имаратынан Степаненко В.Г. атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Москва аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте бул токтом тууралуу маалыматты тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочуларга жеткирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 26-сентябры
№ 474