Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 18-декабрындагы №182 токтому менен Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 30-декабрына дайындалган. Белгиленген мөөнөттө аталган айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы катышуусунун жоктугунан, кайра шайлоо өткөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-БШК) Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин 23 депутаттарынан жана айылдык аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештеринин өкүлдөрүнөн кайрылуулары келип түшкөн. Ал кайрылууларды кароо жана изилдөө максатында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде БШКнын төрагасынын 2014-жылдын 14-январындагы №1/к буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, жерине барып териштирип келишкен. Аталган жумушчу топ, айыл өкмөт башчысын шайлоодо, депутаттарга кысым көрсөтүүлөр, коркутуулар болгондугун белгилешип, көпчүлүктүн пикирлеринин негизинде кайра шайлоо күнүн жылдырып берүү сунушун берген.
Жумушчу топтун берген сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун датасы 2014-жылдын 3-февралына жылдырылсын.
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-январы
№12