№79 Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы №72 токтому менен 2019-жылдын 14-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана натыйжасына арыз даттануулар түшкөн жок.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйнтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 14-июнундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Курбанов Темур Дастанбекович табылсын.

2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом « Эркин Тоо » газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 20-июну
№ 79