№18 2019-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-февралындагы № 8 токтому менен 2019-жылдын 27-февралына дайындалган Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 - беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1.Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2.Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Токтомушов Шаршенбек Сапарович табылсын.
2.Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырсын.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 5-марты
№ 18