30.04.2021 №176 Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 25 шайлоо участок түзүлгөн. Жалал-Абад шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 5 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 3 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ата-Журт Кыргызстан» - 61,19% (22 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 14,32% (5 мандат); «Ыйман Нуру» - 12,20% (4 мандат). Шайлоочулардын саны 50126 түзүп, анын ичинен 20077 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 40,05% түзөт.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына 6, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, ылайык 25 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жана Жалал-Абад шаардык кеңешине жиберилсин.
4.Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 30-апрели,
№ 176