23.03.20 ж.№85 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоону жана өткөрүүнү токтото туруу жөнүндө
COVID-19 коронавирустун жайылышынан улам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы № 6 чечимине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-р буйругуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 23-мартынан тартып төмөндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоолорду өткөрүү токтотула турсун:
1) 2020-жылдын 24-мартына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн;
2) 2020-жылдын 25-мартына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэринин;
3) 2020-жылдын 6-апрелине дайындалган Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн;
4) 2020-жылдын 8-апрелине дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн жана Аламүдүн районундагы Октябрь айыл өкмөтүнүн.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлсүн.
3. Өзгөчө кырдаал режими аяктаганга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо токтотула турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо процессин жөнгө салуу жаатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам чыгаруу субъектилерине сунуштарды иштеп чыксын.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 23-марты
№ 85