28.09.20 №238 2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2020-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-сентябрындагы №194 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй  районунун Ак-Бешим   айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Ашыров Марс Мидинович  катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Чүй  аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-августундагы протоколу менен Ак-Бешим   айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, М. М. Ашыров - 10 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй  аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 21-сентябрындагы протоколу менен Ашыров Марс Мидинович Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Чүй  районунун Ак - Бешим   айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Чүй  аймактык шайлоо комиссиясынын Ак - Бешим   айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-жылдын 21-сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй  районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Чүй  районунун Ак-Бешим  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ашыров Марс Мидинович Чүй облусунун Чүй  районунун Ак-Бешим   айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Чүй  аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

         ТӨРАГА                                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 28-сентябры

№ 238